Ош: милиция формасын кийип алып Сулайман-Тоодо элди тоноп жүргөн киши кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовДеятельность сотрудников МВД в Кыргызстане
Деятельность сотрудников МВД в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектелип кармалган жаран буга чейин да тоноочулук менен сот жообуна тартылганы белгилүү болгонун Ош ШИИБ маалымдады.

ОШ, 25-ноя. — Sputnik. Милиция формасын кийип, жасалма күбөлүк менен адамдарды тоноп жүргөн жаран Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү. Бул туууралуу Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 24 жаштагы тургуну экени аныкталды. Ал Ош шаарындагы түнкү клубдарда жана "Сулайман-Тоо" музей комплексинин аймагында айрым жарандарды коркутуп, акчасын жана телефондорун тартып алып жүргөн.

"Учурда тоноо боюнча 3 фактынын бети ачылды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары башталды" — деди Сыдыков.

Ал ошондой эле шектүү жаран буга чейин да тоноочулук менен сот жообуна тартылганы белгилүү болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0