Байтик Баатыр көчөсүндө болгон жол кырсыктан бир адам мерт кетти

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПередача машин скорой медицинской помощи Свердловской области
Передача машин скорой медицинской помощи Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыктын кесепетинен бир адам курман болуп, үчөө жаракат алды.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын 10-кичи районундагы Байтик Баатыр проспектинде жол кырсыгы болуп, бир адам мерт кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, окуядан үч автоунаа жабыркаган.

"Такси айдоочусу түндүктү карай токтоп турган. Ага жүргүнчү келип отурган. Айдоочу жолду кесип өтүү үчүн туура эмес жерден арт жагына бурулуп баштаганда унаанын сол жагынан маршрутка келип каккан. Катуу соккудан улам такси ары барып, жолдун четинде турган джипке урунган. Такси айдоочусу катуу кагылыштан кийин унаадан чыгып, бир нече метр басып барып жыгылып калган. "Тез жардам" келгиче ал каза болгон", — деди ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы.

Жол кырсыктын кесепетинен бир адам курман болуп, үчөө жаракат алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0