Өкмөттүк "Слово Кыргызстана" гезитинин сайтын экстремисттер талкалаганы божомолдонууда

© Sputnik / Жоомарт УраимовСайт правительственной газеты "Слово Кыргызстана", который был взломан
Сайт правительственной газеты Слово Кыргызстана, который был взломан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талкаланган сайтка экстремисттик маайдагы сөздөр жазылып калган.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Өкмөттүн "Слово Кыргызстана" гезитинин сайты талкаланды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине гезиттин редактору Тамара Слащева билдирди.

Анын айтымында сайт шейшемби күнү талкаланган.

"Ал жакта англис тилинде экстремисттик маанайдагы сөздөр жазылып калган. Биз дароо өчүрдүк. Учурда адистер оңдоо иштерин жүргүзүп жатат. Жакында сайт кайрадан иштеп баштайт. Тартип коргоо органдарына кайрылганыбыз жок", — деди гезиттин башкы редактору.

Шейшемби күнү эле экстремисттик маанайдагы жазуулар өчүрүлгөн. Анын ордуна адистер сүрөт коюп коюшкан. Учурда сайт иштебей турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0