Чаткалда шахта урап, 17 жаштагы жигит каза болду

Жазылуу
Чаткал районундагы шахтада сурьманы уруксатсыз казып жаткан алты адамды жер басып калып, бирөө көз жумду.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Жалал-Абаддын Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагындагы Шахта —14 участогунда 250 метр тереңдикте өз алдынча сурьма казып жаткан жеринен алты адамды топурак басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Кырсык болгон жерде Ала-Бука районунун Өрүктү айылынын 17 жаштагы тургуну каза болгон. Калган 5 адам жаракат алган эмес. ӨКМ кызматкерлери барганда ал жерде жалпысынан 50 адам болгон", — деп жазылат билдирүүдө.

Учурда Шахта-14 тилкесинде сурьманы мыйзамсыз казуу фактысы боюнча ИИМдин райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0