Казакстандын Усть-Каменогорск шаарынын борборундагы көпүрө урап түштү

© Фото / пресс-служба ДЧС ВКО КазахстанаПадение моста в центре Усть-Каменогорска, Казахстан
Падение моста в центре Усть-Каменогорска, Казахстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон учурда бир бөлүгү ылдый куласа, бетондун экинчи бөлүгү көтөрүлүп калган.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Казакстандын Усть-Каменогорск шаарында көпүрө урап түшкөн учурда ал жерде алты жумушчу иштеп жаткан. Бул туурасында Tengrinews сайты маалымдады. 

Шаардын борборунда жайгашкан ири көпүрө реконструкцияланып жаткан. Окуя болгон учурда бир бөлүгү ылдый куласа, бетондун экинчи бөлүгү көтөрүлүп калган. Ал жерде иштеп жаткандардын ичинен төрт жумушчу ылдый кулап, экөө көпүрөнүн кырына жармашып калган.

"Күбө болгондор беш кишинин Иртыш дарыясына кулагандыгын айтышканда, куткаруучулар окуя болгон жерге дароо жөнөдү. Бирок, маалымат такталган жок. Кишилер төмөн карай кулаган экен. Азыр баары куткарылып, алардын ичинен бирөө бутун кокустатып алыптыр", — деп билдирди облустук Өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалымат кызматынын өкүлү Анастасия Скляр. 

Шаардык турак жай чарбасынан көпүрө авариялык абалда болгондуктан, бир түркүгү кармабай калгандыгын айтышты. 

"Бул көпүрөнүн бир бөлүгү долбоор боюнча алынып салыныш керек эле. Авариялык түркүк кармабай калып, тең салмактуулук жоголгондо урап түштү. Көпүрөнүн эски жагы жээкке кулап, экинчи тарабы асманга карай көтөрүлүп калды. Азыр ал жерде иштер уланууда", — деп аталган чарбанын бөлүм башчысы Аскар Жаксылыков билдирди.

Усть-Каменогорск шаарындагы Иртыш көпүрөсү 1970-жылы курулган. Азыр аны оңдоп-түздөө иштери жүрүп жаткан. Учурда алты тилкелик кыймыл сакталган. Бактыга жараша, ураган жакта автоунаа болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0