Атамбаев педофил менен бала өлтүргөндөрдү мөөнөтүнөн эрте бошотууга тыюу салды

Жазылуу
Мыйзам аталган жарандарды турак колониясына которууга да жол бербейт.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев балдарга карата кылмыш жасагандарды абактан мөөнөтүнөн эрте бошотууга тыюу салган мыйзамга кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Педофилияга күнөөлөнүп кармалган жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бычуу жана өлүм жазасы — педофилдер башка мамлекеттерде кандай жазаланат
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында кабыл алынган. Ал жашы жете элек баларга карата жасалган зордук-зомбулуктун (педофил, бала өлтүргөндөр) алдын алуу чараларын күчөтүүгө багытталган.

Мындан тышкары, мыйзам аталган жарандарды абактан турак колониясына которууга да тыюу салат.

Мыйзам расмий жарыялангандан соң күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0