Бишкекте Mercedes унаасы менен карагай сүзгөн айдоочунун абалы оор

© Sputnik / Табылды КадырбековБорьба я пьянством за рулем в Кыргызстане
Борьба я пьянством за рулем в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочунун башы жана көкүрөгү жабыр тарткан. Кайгуул милициясы анын мас абалында экенин белгиледи.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бишкекте мас абалындагы айдоочу Чүй проспектиси менен Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги цемент карагайды сүзүп алган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

"Шейшемби күнү болжол менен кечки саат 17:30дарда Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаанын 42 жаштагы айдоочусу Чүй проспектиси менен чыгыш тарапты көздөй бараткан. Чолпон-Ата көчөсүнө жетпей күнөскананын маңдайынан унааны башкара албай бетон карагайды сүзүп алган", — деп жазылат маалыматта.

Айдоочунун башы жана көкүрөгү жабыр тарткан. Анын мас абалында экенин Кайгуул милициясы кошумчалады.

Айдоочу Бишкектин травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылды.

"Кечээ анын башаны операция жасалып, уюп калган кан тазаланды", — деди аталган оорукананын башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков. 

Анын айтымында, учурда жабыркаган айдоочунун абалы оор.

Жаңылыктар түрмөгү
0