Lexus GX470 унаасынан жоголгон 700 миң доллар боюнча кылмыш иши козголду

© AP Photo / LM OteroПечать долларовых купюр
Печать долларовых купюр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициянын айтымында, акча салынган портфель унаанын арткы отургучунан уурдалган.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Lexus GX470 унаасынын ичинен жоголгон 700 миң доллар боюнча кылмыш иши козголгонун Бишкек ШИИБ билдирди. 

Милициянын айтымында, акча салынган портфель унаанын арткы отургучунан уурдалган. 

"Жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Ишти Свердлов РИИБ иликтеп баштады. Азырынча жыйынтык жок", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0