Кишини коюп кеткен айдоочуну милиция ок атып токтотту

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкерлери атайы операция учурунда. Архив
Милиция кызматкерлери атайы операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жөө адамды койдуруп кетүүгө шектелген айдоочу мас абалда болгон.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Чүй облустук ИИБге караштуу Кайгуул милициясы жөө адамды өлтүрө сүзүп кетүүгө шектелген айдоочуну токтотуу үчүн асманга үч жолу ок чыгарды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Работа сотрудников ДПС в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте унаанын аялды сүзүп кеткени камерага түшүп калган
Ведомствонун маалыматына караганда, 20-ноябрда Токмок — Кегети трассасында жөө жүргүнчүнү унаа койдуруп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Кырсык болгон жерде Чүй облусунун тургундары жабыркаганы белгилүү болду. Эки кишинин бири 41 жаштагы тургун каза болуп, ал эми экинчиси ооруканага жеткирилген. 

Облус аймагында Audi-80 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу издөөгө алынып, Чүй облусундагы Искра айылында шектүүнүн унаасы байкалып калган. Анын айдоочусу "токто" деген командага баш ийбегендиктен асманга үч жолу ок чыгарылган. Айдоочу ошондо гана унаасын токтоткон. 

"Искра айылынын 19 жаштагы тургуну кармалды. Ал мас абалында экени аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Кылмыш жаза кодексинин 281-беренеси "Жол эрежесин бузуу" боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0