Бишкекте адам өлтүрдү деген шек менен эки жигит кармалды

Жазылуу
17-ноябрда адам өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен Жайыл районунун Ново-Николаевка айылынын 21 жана 22 жаштагы тургундары кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Адам өлтүрдү деген шек менен эки жигит кармалганын Чүй ИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Аялдын өлүмүнө себепкер айдоочу милицияга келди - Sputnik Кыргызстан
Аялдын өлүмүнө себепкер айдоочу милицияга келди
12-ноябрда Чүй облустук ооруканасына бычак жеген 35-40 жаштагы киши келип түшкөнү боюнча Аламүдүн РИИБине кабар берилген. Окуя болгон жерге келген милиция ошол күнү болжол менен саат төрттөр чамасында азиат улутундагы 20-25 жаштардагы белгисиз эки жигит май куюучу жайдын жарыгын өчүрүп, 36 жаштагы операторду бычак менен сайып, телефонун алып из жашырып кеткенин аныктаган. Оператор дал ушул убакта сыртка чыккан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүүгө аракет кылуу жана каракчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Керектүү сот-медициналык экспертизалар дайындалып, шектүү жарандарды кармоо боюнча аракеттер башталган.

17-ноябрда адам өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен Жайыл районунун Ново-Николаевка айылынын 21 жана 22 жаштагы тургундары кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0