Нарында жер титиреди

Жазылуу
Силкинүүнүн күчү Эки-Нарын менен Таш-Башат айылдарында 3,5 балл, Ак-муз, Өзгөрүштө 3, Нарын шаарында 2,5 балл болуп сезилген.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 18-ноябрда саат 21.16да Нарын облусунда жер титирегенин Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди.

Случаи землетрясение в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Сейсмолог Абдрахматов: келерки жылдары жер титирөө арбыйт
Маалыматка ылайык, 4 баллдык силкинүүнүн очогу Нарын-Тоосунда катталган. Бул Таш-Башат айылынан түштүк-чыгышты карай 18 чакырым, Эки-Нарындан 20, Өзгөрүш айылынан түндүк-чыгышты карай 35, Ак-Муз айылынан 40, ал эми Нарын шаарынан 50 чакырым алыстыкта болгон.

Мында жер титирөөнүн күчү Эки-Нарын менен Таш-Башат айылдарында 3,5 балл, Ак-муз, Өзгөрүштө 3, Нарын шаарында 2,5 балл болуп сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0