Абага атылган ок унааны айдай качкан ууруну токтотту

Жазылуу
Жаран Ысык-Көл облусунун 20 жаштагы тургуну болуп чыкты. Аталган факты боюнча тергөө иштери уланып жатат.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Милиция кызматкерлери Subaru Legacy үлгүсүндөгү унааны айдап качууга шектелген жаранды асманга ок чыгаруу менен токтотту. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБден кабарлашты. 

Туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чехиялыктарды тоногон бишкектик "сылык" уурулар конокторго акчасын кайтарып берди
Кечээ 23.00 чамасында укук коргоо органдарына калаа тургуну кайрылып, унаасын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Маалымат келип түшкөндөн кийин милиция кызматкерлери аталган унааны Горький менен Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинен байкап калышкан. 

Унааны токтотуу аракет башталганда айдоочу машинаны катуу айдап качып жөнөгөн. Эскертүү катары асманга эки жолу атылган октон кийин шектүү унаанын ылдамдыгын азайткан. Милиционерлер аны бурчка такап токтотушкан. Айдоочу унаадан чыгып качууга аракет жасаганы менен ою ишке ашпай тартип сакчылардын колуна түшүп берген. 

Шектүү Ысык-Көл облусунун 20 жаштагы тургуну болуп чыккан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөөчүлөр иликтөө иштерин улантууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0