Бишкек: кардан бактар сынып, электр зымдарын үзүп, машиналарга кулап жатат

© Sputnik / Актан ТемиркановСуу кардан улам автоунаага кулаган дарак
Суу кардан улам автоунаага кулаган дарак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясы кулайт деп кооптонгон бактар тууралуу WhatsApp менен кабарлоону суранууда.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бөкөнбаев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинин аймагынан троллейбус линиясы, электр зымдары кулаган бактан улам үзүлүп калды. Бул туурасында окуяга күбө болгон Мурат Бейшекеев Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналы аркылуу билдирди.

© Sputnik / Данияр СандыбаевБөкөнбаев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинин аймагынан троллейбус линиясы, электр зымдары кулаган бактан улам үзүлүп калды
Бөкөнбаев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинин аймагынан троллейбус линиясы, электр зымдары кулаган бактан улам үзүлүп калды - Sputnik Кыргызстан
1/5
Бөкөнбаев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинин аймагынан троллейбус линиясы, электр зымдары кулаган бактан улам үзүлүп калды
© Sputnik / Актан ТемиркановДагы башка окурман Эркиндик проспектисинде дагы сынган жоон бутактар бар экенин маалымдады
Дагы башка окурман Эркиндик проспектисинде дагы сынган жоон бутактар бар экенин маалымдады - Sputnik Кыргызстан
2/5
Дагы башка окурман Эркиндик проспектисинде дагы сынган жоон бутактар бар экенин маалымдады
© Sputnik / Данияр СандыбаевБелгилей кетсек, 17-ноябрдын түнүнөн тарта Бишкекте суу кар жаап жатат
Белгилей кетсек, 17-ноябрдын түнүнөн тарта Бишкекте суу кар жаап жатат - Sputnik Кыргызстан
3/5
Белгилей кетсек, 17-ноябрдын түнүнөн тарта Бишкекте суу кар жаап жатат
© Sputnik / Актан ТемиркановМэриядан маалымдашкандай, коммуналдык кызматтар келтирилген ыңгайсыздыктарды жөнгө салууда
Мэриядан маалымдашкандай, коммуналдык кызматтар келтирилген ыңгайсыздыктарды жөнгө салууда - Sputnik Кыргызстан
4/5
Мэриядан маалымдашкандай, коммуналдык кызматтар келтирилген ыңгайсыздыктарды жөнгө салууда
© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналу"Зеленстрой" муниципалдык мекемеси шаардын беш жеринен кулаган бактарды тазалап жатат.
Зеленстрой муниципалдык мекемеси шаардын беш жеринен кулаган бактарды тазалап жатат. - Sputnik Кыргызстан
5/5
"Зеленстрой" муниципалдык мекемеси шаардын беш жеринен кулаган бактарды тазалап жатат.
1/5
Бөкөнбаев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинин аймагынан троллейбус линиясы, электр зымдары кулаган бактан улам үзүлүп калды
2/5
Дагы башка окурман Эркиндик проспектисинде дагы сынган жоон бутактар бар экенин маалымдады
3/5
Белгилей кетсек, 17-ноябрдын түнүнөн тарта Бишкекте суу кар жаап жатат
4/5
Мэриядан маалымдашкандай, коммуналдык кызматтар келтирилген ыңгайсыздыктарды жөнгө салууда
5/5
"Зеленстрой" муниципалдык мекемеси шаардын беш жеринен кулаган бактарды тазалап жатат.

Дагы башка окурман Эркиндик проспектисинде дагы сынган жоон бутактар бар экенин маалымдады.

Белгилей кетсек, 17-ноябрдын түнүнөн тарта Бишкекте суу кар жаап жатат.

Мэриядан маалымдашкандай, коммуналдык кызматтар келтирилген ыңгайсыздыктарды жөнгө салууда. "Зеленстрой" муниципалдык мекемеси шаардын беш жеринен кулаган бактарды тазалап жатат. Алар:

  • Исанов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Лев Толстой менен Манас проспектисинин кесилиши;
  • Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилиши;
  • Жаш Гвардия проспектиси менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилиши;

Абдумомунов көчөсүндөгү "Сейтек" борборунун маңдайындагы бактын жоон бутактары сынып, жолго түшкөн.

Мэриядан жабыр тарткандар жок экенин билдиришти. Аталган аймактардын биринде бак автоунаага кулаган, бирок, олуттуу чыгым алып келген эмес.

Мэрия ошондой эле шаар тургундарын автоунааларды бактын алдына койбоону эскертти. Туура эмес коюлган автоунаалардын улам "Тазалык" жана "Зеленстрой" ишканаларынын кызматкерлери карды жана бактын сынган бутактарын маалында тазалай албай жатканын эскертти. 

Мэрия эгер кулайт деп коркунуч жараткан бактар болсо, так дареги менен WhatsApp аркылуу кабарлап коюуну суранат.

  • Аскат Карынбаев (Ленин району) — (0557) 99-79-27;
  • Таалайбек Акматбаев (Октябрь району) — (0554) 95-55-09;
  • Руслан Шарапов (Биринчи Май району) — (0558) 33-66-40;
  • Марат Матмусаев (Свердлов району) — (0555) 44-71-54.

Эгер түрдүү окуяларга күбө болуп калсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин +996 706 566 544 WhatsApp номери аркылуу кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0