Жалал-Абад менен Баткендеги жол кырсык эки жигиттин өмүрүн алды

© Sputnik / Табылды КадырбековГородская клиническая больница № 4
Городская клиническая больница № 4 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМден кызматкерлери каза болгон жарандардын денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад жана Баткен облустарында катталган жол кырсыктарынан эки жаран каза болгондугун ӨКМден кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, унаалардын бири жолдон чыгып кеткен болсо, экинчиси башка унаа менен кагышкан. 

"16-ноябрда саат 20.20да Ноокен районунда Mercedes менен оор жүк ташуучу унаа кагылышкан. Кырсыктын айынан жеңил унаанын 24 жаштагы айдоочусу жеринде каза болгон. Ал эми экинчи айдоочу жаракат алып ооруканага жеткирилди", — деп айтылат маалыматта. 

Ошол эле күнү адам өмүрүн алган экинчи жол кырсык Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Халмион айылында болгон. 

"Golf-3 үлгүсүндөгү унаа 22.27де унаа жолдон чыгып кетип бетонду сүзгөн. Натыйжада 21 жаштагы айдоочусу каза болуп, жүргүнчүсү оор жаракат алган", — деп айтылат маалыматта. 

ӨКМден кызматкерлери каза болгон жарандардын денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0