Бишкекте Mercedes үлгүсүндөгү унаа дарыканага кирип кетти — күбө

© Sputnik / Данияр СандыбаевАптека на пересечении улиц Абдрахманова и Горького где произошло ДТП
Аптека на пересечении улиц Абдрахманова и Горького где произошло ДТП - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөнүн айтымында, Mercedes үлгүсүндөгү унаа светофордун кызылынан өтүп кетүүгө аракет кылып, башка унааны сүзүп кеткен.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү кечки саат 23:00дө Абдрахманов — Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаа дарыкананын капталына кирип кеткенин күбөлөр тастыкташты. 

© Фото / Егор ОрловАбдрахманов — Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарыканага кирип кеткен Mercedes Benz
Автомобиль марки Mercedes Benz, который въехал в крыльцо аптеки на пересечении улиц Абдрахманова и Горького - Sputnik Кыргызстан
Абдрахманов — Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарыканага кирип кеткен Mercedes Benz

Окуя боюнча күбө Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына айтып берди.

"Ак өңдөгү Mercedes Абдрахманов көчөсү менен келе жаткан. Горький менен кесилишке келгенде светофордун кызылынан өтүп кетип, чакан унааны сүзүп, андан соң дарыканага кирип кеткен", — деди күбө.

Бишкек ШИИБ кайгуул кызматынын башкармалыгы бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0