ГЭС-5 суусуна түшүп кеткен Honda Odyssey унаасынын айдоочу каза болду

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүАвтомобиль, упавший в Москву-реку
Автомобиль, упавший в Москву-реку - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерге төрт куткаруучу тартылган.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Аламүдүн районундагы ГЭС-5 суусуна Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаа түшүп кетип, 24 жаштагы айдоочусу каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, унааны суудан Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте эвакуатор бүгүн таңкы саат 04.55те чыгарган. Айдоочунун Лейлек районунун тургуну экени анык болду.

Кырсык болгон жерге төрт куткаруучу тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0