Мурдагы транспорт министринин орун басарына кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековПапка с надписью "Дело". Архивное фото
Папка с надписью Дело. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылдын 22-июлунда КР Транспорт жана коммуникация министрлиги К.А. аттуу ишкер менен мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуп, бааларга мониторинг жүргүзбөстөн программалык камсыздоо боюнча келишимге кол койгон деп айтылат Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Башкы прокуратура транспорт жана коммуникация министринин мурдагы орун басары М.Э. менен дагы башка жетекчилик кызматтагыларга кылмыш ишин козгоду.

Президент КР Алмазбек Атамбаев принял Генерального прокурора Кыргызской Республики Индиру Джолдубаеву - Sputnik Кыргызстан
УКМКнын депутаттар жана Megacom тууралуу маалыматын прокуратура текшерет
Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашкандай, аталган жарандарга "кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы келген тендер өткөрүү" боюнча айып тагылып жатат.

Маалыматка караганда, 2015-жылдын 22-июлунда Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлиги К.А. аттуу ишкер менен мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуп, бааларга мониторинг жүргүзбөстөн программалык камсыздоо боюнча келишимге кол койгон.

Ошол документке ылайык, министрлик мамлекеттик бюджеттин каражатынан ишкердин эсебине 1 миллион 585 миң сом которгон.

"Бирок бир катар компаниялардын берген маалыматына караганда мындай кызмат үчүн 300 миң сом жетиштүү болгон", — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, 2014-жылдын сентябрь айынан үстүбүздөгү жылдын июнь айына чейин транспорт министринин орун басары Эрнис Мамырканов иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0