Бишкекте унаанын аялды сүзүп кеткени камерага түшүп калган

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота сотрудников ДПС в Кыргызстане
Работа сотрудников ДПС в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү Кайгуул милициясынын кызматтык унаасы каршы тилкеге чыгып, өтүп бараткан аялды коюп кеткенин Facebook тармагына пайдалануучу жазган.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Ишемби күнү Бишкекте жол кырсыгы катталды. Күбөлөрдүн берген маалыматы боюнча Кайгуул милициясынын кызматтык унаасы каршы тилкеге чыгып, өтүп бараткан аялды коюп кеткен.

Милиция жол кырсыгы тууралуу маалыматты тастыктады

"Ооба, ишемби күнү саат 17.30да Жибек Жолу проеспектисинен төмөн Абдырахманов көчөсүндө Кайгуул милициясы атайын сигналдарын күйгүзүп алып, жолдун карама-каршы тилкесине чыккан. Жөө кишинин өтүүсүнө тыюу салынган жерден 40 жаштагы аял өтүп бараткан. Айдоочу убагында тормоз басууга үлгүргөнүн айтууда. Бирок аял чалынып кеттиби, айтор так машинанын алдына келгенде жыгылып калды", — дешти Кайгуул милициясынан.

Жабырлануучуну милиция кызматкерлери Улуттук госпиталга жеткирип, ал жактан аялга баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган. 

Учурда бул боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0