Ош ОИИБ: досун бычактап өлтүргөн жаран колго түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи поножовщины в Кыргызстане
Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул кылмышка шектүү катары ошол эле райондун 46 жаштагы тургуну, маркумдун досу кармалган.

БИШКЕК, 13-ноя. – Sputnik. Өзгөн районунда милиция кызматкерлери изи сууй электе адам өлтүрүүгө шектүү жаранды колго түшүргөнүн Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев аймактык кабарчыга билдирди.

Ага ылайык, ушул жылдын 11-ноябрында РИИБге өз үйүнөн 45-50 жаштардагы адамдын сөөгү табылганы боюнча маалымат келип түшкөн.

"Окуя болгон жерге барган ыкчам-иликтөө тобу маркумдун кыйнап өлтүрүлгөнү аныктаган. Оор кылмыштын бетин ачуу максатында өлтүрүлгөн адамдын бир туугандары, тааныштары, жакындары суракка алынган", — деди Ашырбаев.

Өлтүрүлгөн жаран Өзгөн районунун 45 жаштагы тургуну экендиги аныкталган. Бул кылмышка шектүү катары ошол эле райондун 46 жаштагы тургуну, маркумдун досу кармалган.

Бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алайда бир уулунан ажыраган эне кийинки баласынын тоюнда өзүн бычактап каза болду
Тергөө иштеринин жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында болжол менен саат 00:30дар чамасында эки дос спирт ичимдигин ичип отурушкан. Ортодо чыккан пикир келишпестиктен улам шектүү жаран бөтөлкөлөшүн бычак менен бир нече жолу төшкө сайып, мууздап салган. Андан кийин качып кеткен.

Учурда аталган факт боюнча КР Кылмыш кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран күнөөсүн мойнуна алды.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0