Күбө: Бишкекте газ баллон жарылып, үй өрттөнүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековЦентр Бишкека останется без газа на две недели
Центр Бишкека останется без газа на две недели - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү унаа тартылды.

БИШКЕК, 13-ноя. – Sputnik. Бишкектин Жаш Гвардия проспектисинин аймагында турак үй өрттөнүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналы аркылуу окурман билдирди. 

Анын айтымында, өрт газ баллондун жарылышынан келип чыккан. Аталган турак үй "Раритет" китеп дүкөнүнүн артында жайгашканы белгиленди. 

Өрт өчүрүү кызматы кырсык чыккан жерге эки өрт өчүрүүчү унаа тартылганын маалымдады.

"Пушкин менен Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишиндеги үй күйүп жатат. Азырынча кырсыктын чоо-жайы белгисиз", — деди нөөмөттө турган кызматкер.

© Фото / очевидца Нурайым Шамыркановой, отправленное по Whats App-каналуПожар в жилом доме в районе проспекта Молодой Гвардии
Пожар  в жилом доме в районе проспекта Молодой Гвардии - Sputnik Кыргызстан
Пожар в жилом доме в районе проспекта Молодой Гвардии
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган окуяны тастыктап, жабыркагандар тууралуу маалымат жок экенин айтты.

Эгер кандайдыр бир өзгөчө окуяга же жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0