Жалал-Абадда өлгөн адамдын аты менен элди курортко жөнөткөндөр кармалды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүОстров Велассару (Мальдивы)
Остров Велассару (Мальдивы) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара-Дарыя айылынын социалдык өнүгүү башкармалыгында иштеген кызматкерлер каза болгон адамдын атынан жергиликтүү тургунга Ош шаарындагы дарылоо курортуна жасалма документ жасап, жолдомо алып беришкен.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокуратурасы каза болгон адамдын атынан документ жасап, дарылоо курортуна барууга жолдомо алып берген адамдарга кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүй облусунун камакка алынган прокурорунун ордуна Азат Өскөмбаев келди
Сузак районунун Кара-Дарыя айылында 1934-жылы туулуп, 2015-жылдын 15-июлунда каза болгон 1-топтогу майыптын атынан жасалма документ даярдалган. Кара-Дарыя айылынын социалдык өнүгүү башкармалыгында иштеген адамдар аталган кишинин көзү өтүп кеткенин билип туруп, анын атынан жергиликтүү тургунга Ош шаарындагы дарылоо курортуна документ жасап, жолдомо алып беришкен.

Мындан улам Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокуратурасы аталган бөлүмдүн кызматкерлерине КР Кылмыш кодекси боюнча 304 жана (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган) 315-беренелеринин негизинде (документ жасалмалоо) кылмыш ишин козгоду.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0