КР жаранынын 22,5 миң долларын алдап кетти делген Пакистандын жараны кармалды

Жазылуу
8-ноябрда арыз менен Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө 37 жаштагы шаар тургуну кайрылган.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкек ШИИББдин кылмыш иликтөө бөлүмү Пакистандын жаранын алдамчылык фактысынын негизинде кармады.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрда арыз менен Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө 37 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал Пакистандын жаранына ишеничине кирип, анын 22 640 АКШ долларын алып бербей качып жүргөнүн айткан.

"Бул окуя боюнча Свердлов РИИБи Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесине ылайык (алдамчылык) кылмыш ишин козгоду", — деп айтылат маалыматта.

Милициянын ыкчам иш-аракетинин негизинде Бишкек шаарынын убактылуу тургуну 26 жаштагы З.У. аттуу жаран кармалып, учурда Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0