Россияга бараткан жарандын аэропорттон кармалышына кулагы себепкер болду

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность Международного аэропорта "Манас"
Деятельность Международного аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвага учуп кетүүнү каалаган жаран кара тизмеге киргизилген.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Ош шаарынан Москвага учуп кетүүгө камынган жаран эгизинин паспорту менен аэропорттон кармалган. Бул туурасында Мамлекеттик Чек ара кызматынан билдиришти.

Алматы аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алматы аэропортунун жүргүнчүлөрү эвакуацияланды
Чек арачылар мыйзам бузган жарандын өзгөчөлүгүн Ош — Москва багыты боюнча уча турган жүргүнчүлөрдүн документтерин текшерүү учурунда аныкташкан. 25 жаштагы жаран эгизинин паспортун алып жүргөнү билинген. Өзү кара тизмеге түшүп, Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган.

Чек арачылар паспорттогу сүрөт менен жарандын кулактары окшошпой турганын байкап, өтүп бараткан жеринен токтотуп калышкан.

Кармалган жаран УКМКнын аймактык башкармалыгынын өкүлдөрүнө берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0