Таласта тилсиз жоо эки адамдын өмүрүн жалмады

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматкери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда каза болгон адамдардын өздүгү менен өрттүн себеби такталууда.

БИШКЕК, 1-ноя.— Sputnik. Таласта тилсиз жоо эки адамдын өмүрүн жалмады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, окуя Манас районуна караштуу Үч-Коргон айылында болгон. 

"Шарип Аке көчөсүндө жайгашкан №161 үй толугу менен күйүп кеткен. Анын аянты 99 чарчы метрди түзөт. Өрт болгон жерден эки адамдын күйүп калган жансыз денеси табылган", — деп жазылат маалыматта.

Учурда каза болгон адамдардын өздүгү менен өрттүн себеби такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0