Казактын ээн талаасында кырсыктаган кыргыздарга өзбекстандык жигит жардам берди

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек — Москва каттамы менен жолго чыккан унаа түңкү саат төрттөр чамасында Казакстандын ээн таласында үч ирет аласалып кеткен.

БИШКЕК, 31-окт.— Sputnik. Бишкек — Москва жол каттамы менен бара жаткан кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү Нуркыз Назаркулова билдирди. 

Анын айтымында, Бишкек — Москва каттамы менен 18 адам төрт миң рублдан жол акысын төлөп жолго чыгышкан. Мындан сырткары унаада эки айдоочу болгон. 

Снимок с социальной сети Facebook пользователя Кайрат Нуртас. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Казак ырчысы Кайрат Нуртас жол кырсыгына кабылды
"Документим жакшы болбогондуктан сиңдим экөөбүз Москвага такси менен барууну туура көрдүк. Экинчи сутка дегенге түңкү саат төрттөрдө Казакстандын ээн таласында унаабыз үч жолу оодарылып кетти. Алдыбыздан фура чыгып, айдоочу андан качам деп карда дөңгөлөктөр тайып кетиптир. Көзүмдү ачсам эшикте бурганактаган кар аралаш шамал, кагыраган талаа экен. Ыйлаган, онтогон эле үндөр. Араң эсимди жыйып, жылаңайлак айнектердин үстүнөн басып сиңдимди издеп жөнөдүм. Араң таап барсам ээси ооп жатыптыр. Ошол замат жүргөм оозума тыгылып, өңгүрөп ыйладым. Бир топ убакыттан кийин кудай жалгап эсине келди", — деди Назаркулова. 

Ал бактыга жараша кырсыктан набыт болгондор жок экенин кошумчалады. 

"Ошол учурда жолдо өтүп бара жаткан унаа токтоп, оор жаракат алган мен жана сиңдим болуп беш адамды алып кетмей болду. Тимур деген өзбек жигити экен. Бензинге деп 2000 миң рубль бердик. Калганын өз чөнтөгүнөн чыгарып, бизди бир айылдагы ооруканага алып барды. Барсак баш сөөгүңөр чайкалган деген диагноз койду. Ал жактан калгыла дегенине болбой жолдон калбайбы деп чыгып кеттик. Ошентип өзбек жигити бизге тамак алып берип, Оренбург шаарына чейин алып келди. Ал жактан мен акыркы тыйынымды берип, калганын өзбек жигити төлөп мейманканага түнөдүк. Эртеси таксиге сүйлөшүп, салып жиберди. Учурда жолдобуз", — деди ал. 

Назаркулова мекендештерден жардам сурап интернетке жазганын билдирди.

"Кырсык тууралуу Facebook баракчасына жазсам, кудай жалгап ар ким колдон келген жардамын берүүдө. Учурда айдоочунун картасына 2900 рубль түшүп, ачка калбай тамактанып жатабыз. Алдыда дагы 500 чакырым жүрсөк, буюрса Москвага кирип барабыз. Ал жакта бизге медициналык жактан жардам беришсе жакшы болот эле. Учурда оң колум иштебей калды", — деди күбө. 

Ал жол кырсыгына кабылгандардын бешөө мекенине кайтканын, калганы жол тосуп ар башка таксиге түшкөнүн кошумчалады.

Ал эми Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынын өкүлү Гулбарчын Байымбетова аталган жарандар кайрылса сөзсүз жардам берилерин билдирди. 

"Аталган жарандар тууралуу сизден угуп жатам. Эмне жардам керек болсо биздин элчиликке кайрылышсын, сөзсүз жардам беребиз. Медицина жагынан жардам көрсөтүүнү жеке өзүм колго алам", — деди Байымбетова. 

Эгерде кырсыкка кабылып, жардамга муктаж болгон Нуркыз Назаркуловага кол сунам деген мекендештер болсо, Facebook баракчасынан кенен маалымат алсаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0