Ошто бир бүлөдөн үч адам газга ууланып каза болду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй-бүлө уктаган бөлмөдөн ойгонбой калган.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Ош шаарындагы Туран кичи шаарчасынын Ишматов көчөсүндө жашаган үй-бүлөнүн үч мүчөсү жаратылыш газына ууланып каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков аймактык кабарчыга билдирди.

"Кечээ, 27-октябрь күнү 49 жаштагы үй ээси, анын 47 жаштагы аялы жана 10 жаштагы кызы кырсыктын кесепетинен каза болду. Алар жаратылыш газына өздөрү уктаган бөлмөдө жаткан жеринен ууланган", — деди Сыдыков.

ШИИБ өкүлү каза болгондордун туугандары соттук-медициналык экспертиза дайындоодон баш тартышканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0