Катуу үндөн улам Медведев катышып жаткан Сколководогу жыйын токтотулду

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин архивидк сүрөтү
Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин архивидк сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сколковонун өрт коопсуздугу кызматынын өкүлдөрү электр зымдарында чыңалуу болгонун айтышты. Алдын ала маалыматтар боюнча имараттын төбөсү күйгөнү кабарланууда.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. "Сколковдогу инновациялык ачылыштар" форумунун пленардык жыйыны өтүп жаткан жайда бир нече жолу жарылуунун үнү угулгандан кийин токтотулганын РИА Новости маалымат агенттиги билдирди.

Пожарная служба на месте взрыва на парковке рядом со зданием торгово-промышленной палаты (ТПП) в Анталье, Турция - Sputnik Кыргызстан
Антальядагы жарылуудан КР жарандары жабыркаган жок
Жыйынга Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев, вице-премьер Аркадий Дворкович, өкмөт өкүлдөрү менен ишкерлер катышып жаткан.

Катуу үн чыккандан кийин алып баруучу жыйындын катышуучулары менен конокторун залдан чыгууга чакырган. Премьер-министр баштаган делегация дагы залдан чыгып кеткен.

Сколковонун өрт коопсуздугу кызматынын өкүлдөрү электр зымдарында чыңалуу болгонун айтышты. Алдын ала маалыматтар боюнча имараттын төбөсү күйгөнү кабарланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0