Москвада жердештерин бычактаган КРдин эки жараны кармалды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүРабота вневедомственной охраны ГУ МВД России
Работа вневедомственной охраны ГУ МВД России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандар жасаган кылмышын моюнга алышкан. Алар сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Москвада жердештерин бычактады деген шек менен Кыргызстандын эки жараны кармалганын КР ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 9-октябрына караган түнү Россиянын укук коргоо органдарынын ыкчам тобу көңүл ачуучу жайдагы мушташ тууралуу билдирүү боюнча барышкан. Ал жактан жигиттер бири-бири менен айтыша кетип, ал мушташка чейин жеткен.

"Эки киши оор абалда ооруканага жеткирилди. Экөөнүн көкүрөк жагына учтуу нерсе менен сайылганы аныкталган. Ошондой эле үчүнчү киши дагы жаракат алган", — деп айтылат маалыматта.

Россия ИИМдин райондук бөлүмү денеге атайылап залал келтирүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

12-октябрда КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери россиялык кесиптештери менен бирге 22 жаштагы Жалал-Абад облусунун эки тургунун кармашкан. Алар жасагандарын моюнга алганы айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0