Бишкектин айланма жолундагы кырсыктан бир адам каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековДорожный указатель "Опасный поворот налево"
Дорожный указатель Опасный поворот налево - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык боюнча экспертиза жүргүзүлө баштады. Анын жыйынтыгында кылмыш ишин козгоо маселеси чечилет.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү эртең менен Бишкектеги айланма жолунда эки автоунаа бетме-бет кагышып кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына күбө билдирди. 

Чүй облустук Кайгуул милициясы кырсыктын болгондугун ырастап, анын айынан бир адам каза болгонун белгиледи. 

"Эртең менен саат 7.30да айланма трассада BMW үлгүсүндөгү унаа жолдун карама-каршы тилкесине чыгып Honda Fit унаасы менен кагышып кеткен. Натыйжада Honda Fit унаасынын айдоочусу жеринде каза болсо,экинчи айдоочу аймактык ооруканага жеткирилди. Эки унаада тең жүргүнчүлөр болгон эмес", — деп билдирди Чүй облустук Кайгуул милициясынын маалымат кызматчысы Тилек Исаев. 

Анын айтымына караганда кырсык боюнча экспертиза жүргүзүлө баштады. Эми анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоо маселеси чечилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0