Борбор калаада палоо борборунун чатыры күйдү

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота пожарной службы в столице
Работа пожарной службы в столице - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик алдын ала маалыматтарында өрт мештин жана мордун туура эмес түзүлүшүнөн болгон деп билдирди.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кечээ борбор калаадагы "Центр плова" тамактануучу жайы өрттөнүп, анын чатыры жана коңшу үйдүн сырткы жасалгасы жабыр тартты. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

"Жибек Жолу көчөсүнүн "Центр плова" кафесинин 40 чарчы метр жыгач устундуу пластик менен жабылган чатыры күйгөн, жанында жайгашкан үйдүн 12 чарчы метр сырткы жасалгасы эрип кеткен", — деп айтылат маалыматта. 

Министрлик алдын ала маалыматтарында өрт мештин жана мордун туура эмес түзүлүшүнөн болгон деп билдирип, учурда келтирилген зыян такталып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0