БП: №37 абактын жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды

Жазылуу
Аталган мекеменин жетекчиси жаза өтөп жаткан жарандан 300 доллар, 9 миң сом жана жеке унаасына эки даана дөңгөлөк талап кылган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. №37 абактын жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Наручники - Sputnik Кыргызстан
БП: пара жаатында кылмыштардын бети ачылып, 17 миллион сомдой өндүрүлдү
Маалыматка ылайык, аталган мекеменин жетекчиси жаза өтөп жаткан Г. С. аттуу жарандын убактылуу сыртка чыгуусу үчүн акча талап кылган.

Аталган жетекчи абактагы Г. С. аттуу жаранды убактылуу сыртка чыгаруу үчүн андан 300 доллар, 9 миң сом жана жеке унаасына эки даана дөңгөлөк талап кылып, беш миң сом жана дөңгөлөк алып жаткан жеринен кармалды", — деп жазылат маалыматта. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-беренеси (пара алуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0