Кыргызстандын аймагында үч баллдык жер титиреди

© flickr.com / Matt KatzenbergerСейсмограф
Сейсмограф - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөөнүн очогу Тажикстанда катталган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандын түштүк аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирегенин Сейсмология институту билдирди.

Случаи землетрясение в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Сейсмолог Абдрахматов: келерки жылдары жер титирөө арбыйт
Маалыматка ылайык, жер титирөө 24-октябрда саат таңкы 4:32да болгон. Анын очогу Тажикстанда катталып, Кыргызстандын Кара-Тейит айылынан 20 чакырым түштүк батышта, Карамык айылынан түштүк-батышты карай 22 чакырым, Баткен шаарынан 108 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 168 чакырым түштүк-батышта орун алган.

Кара-Тейит, Карамык айылдарында үч балл, Куучу, Жар-Башы айылдарында 2,5 балл болгон.

Эскерте кетсек, 23-октябрда дагы Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0