Балыкчыда катуу шамал 17 имараттын шиферин учурду

© © SputnikCильный ветер в селе Сары-Камыш под городом Балыкчи Иссык-Кульской области
Cильный ветер в селе Сары-Камыш под городом Балыкчи Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен шамалдан турак үйлөрдүн жана социалдык курулуштардын чатырлары жабыркаган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Балыкчы шаарында 18-19-октябрда болгон катуу шамалдан 9 турак жай, 5 мектеп, 3 бала бакча жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, бардыгы болуп шамалдан 222 шифер сынган.

Эскертсек, катуу шамалдан Балыкчы шаарына жакын жердеги Сары-Камыш айылында 40тан ашык бак кулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0