Токтогулда жол кырсык 21 жаштагы айдоочунун өмүрүн алды

© flickr.com / TylerПанельный прибор автомобиля. Архивное фото
Панельный прибор автомобиля. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун денеси райондук өлүкканага жеткирилди.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда эки унаа кагышып, натыйжада бир адам каза болгонун ӨКМден кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, кечээ түнкү саат 10.22 чамасында Токтогул районунда Ford Mondeo үлгүсүндөгү унаа менен жүк ташуучу МAЗ кагышып кеткен. 

"Натыйжада Ford Mondeo үлгүсүндөгү унаанын 21 жаштагы айдоочусу көз жумду. Ал эми анын жанындагы 23 жаштагы жүргүнчү жаракат алып ооруканага жеткирилди", — деп айтылат маалыматта. 

ӨКМдин куткаруучулары маркумдун денесин райондук өлүкканага жеткиришкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0