Бишкектин ЧЧК аймагында унаа коюп кеткен аял каза болду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПередача машин скорой медицинской помощи Свердловской области
Передача машин скорой медицинской помощи Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын ЧЧК менен Махатма Ганди көчөсүнүн кесилишинде унаа коюп кеткен 65-70 жаш чамасындагы аял набыт болду.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. ЧЧК жана Махатма Ганди көчөсүнүн кесилишинде аялды унаа коюп кетти. Бул тууралуу WhatsApp канал аркылуу окурман билдирди. 

Кайгуул милициянын башкармалыгы жана Тез жардам кызматы бул маалыматты ырастады. 

Тез жардам кызматынан Майрам Утурукеева маалымдагандай, ЧЧК менен Махатма Ганди көчөсүнүн кесилишинде 65-70 жаш чамасындагы азиат улутундагы аялды Mercedes Benz үлгүсүндөгү күмүш түстөгү автоунаа коюп, анын аркасынан Toyota тепселеп кеткен. 

"Тез жардамга эртең менен саат 6:50дө маалымат түшкөн. 7:10дө кырсык болгон жерге барган. Тилекке каршы, жаран Тез жардам барганга чейин каза болгон", — дейт Утурукеева.

Кайгуул милициянын башкармалыгы учурда тергөө иштерин улантууда. Маалыматтар такталган соң кененирээк айтып бере тургандыктарын белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0