Бишкекте түндө карлуу жолдо эки кырсык болуп, эки киши мерт кетти

Жазылуу
Биринчи кырсыктан 16 жаштагы кыз каза болсо, экинчисинде 25-30 жаштагы эркекти эки унаа тебелеп кеткен.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Түндө Бишкектин кар аралашкан аба ырайында жол кырсыгы болуп, эки адамдын өмүрүн алып кетти. Бул туурасында Кайгуул милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

"Биринчи кырсык болжол менен "Ак-Ордо" жаңы конушунун аймагында кечки саат жетилерге чукул болгон. Honda Accord унаасынын ээси 16 жаштагы кызды койдуруп алып, аны өзү ооруканага жеткирген. Тилекке каршы, кыз ал жерден каза тапкан. Күбөлөрдүн айтымында, кыз жолду туура эмес жерден кесип өтүп бара жаткан",— деди билдирди аталган кызматтын өкүлү Таалай Бугубаев. 

Кайгуул милициясынан автоунаа айып короого токтотулуп, учурда кылмыш ишин козгоо каралып, айдоочу камакка алынганын кабарлады. 

Ал эми Sputnik Кыргызстан кечээ жазган кырсыктын айдоочусу качып кеткен бойдон кармала элек. 

"Элебесов 169 дарегиндеги үйдүн каршысындагы жолдо 25-30 жаштагы эркек кишини койдуруп кеткен. Күбөлөрдүн айтымында, ал кыйма-чийме өткөн машиналардын ортосунда жолдогу кош сызыкта турган. Болжол менен аны "Жигули" үлгүсүндөгү унаа койдуруп, күү менен учуп келип жолдун экинчи тилкесине түшкөндө катуу келе жаткан Volkswagen Passat тебелетип алган", — деп билдирди Бугубаев.

Анын айтымында, биринчи болуп сүзүп кеткен айдоочу из жашырган. Ал эми Volkswagen Passat кырсык болгон жерде милициянын келишин күткөн. Учурда качып кеткен айдоочуну издөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0