Ошто дагы бир мектептин мыйзамсыз аттестат бергени аныкталды

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы Салижан Шарипов атындагы мектептин дирекциясы
Ош шаарындагы Салижан Шарипов атындагы мектептин дирекциясы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ өкүлү аталган факты боюнча топтолгон материалдар Ош шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Ош шаарындагы Салижан Шарипов атындагы мектептин дирекциясы 2014-2015-окуу жылында беш окуучуга мыйзамсыз аттестат бергени аныкталганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош шаардык ИИБдин басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди. 

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы Салижан Шарипов атындагы мектеп
Школа-гимназия №22 имени С. Шарипова в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарындагы Салижан Шарипов атындагы мектеп

"Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган мектептин беш окуучусу аталган мектептен мыйзамсыз аттестат алып кеткендиги аныкталды. Тагыраагы, мектеп дирекциясы "башка мектептен окуп, которулуп келди" деген жалган тактамалар менен беш окуучуну 11-класска кабыл алып, аттестат берип жиберген. Ал эми балдар иш жүзүндө тактама алынган мектепте окуган эмес", — деп айтып берди Сыдыков. 

ИИМ өкүлү топтолгон материалдар учурда аныкталган фактыга юридикалык баа берүү сунушу менен Ош шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0