Өлкөнүн түштүк аймагында жер силкинди

© AFP / BAY ISMOYOСейсмограф аппараты. Архивдик сүрөт
Сейсмограф аппараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөөнүн күчү Нурада 3, ал эми Икизяк айылында 2,5 балл болуп байкалган.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Киндик, Сары-Таш, Нура айылдарына жакын аймакта 3 баллдын тегерегинде жер титирөө болуп, ал эми очогунда 4 баллга жетти деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Сейсмограф аппараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Нура айылынан 60 чакырым алыстыкта жер титиреди
КРдин Сейсмология институту 11-октябрда түшкө жуук жер титирөө болгондугун кабарлаган. 

Анын очогу Кара-Киндик айылынан түштүк-чыгышты көздөй 35 чакырым, Нура айылынан түштүк-батышты карай 20 чакырым, Сары-Таш айылынан түштүк-чыгыш тарапка 50 чакырым, ал эми Ош шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 135 чакырым аралыкта болгондугу маалымдалды.

Жер титирөөнүн күчү Нурада 3, ал эми Икизяк айылында 2,5 балл болуп байкалган.

ӨКМ жабырлангандар жоктугун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0