БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Токмок шаарынын жанынан эки автоунаа бетме-бет кагышканын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Окуя Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун Токмок шаарына жакын жеринен катталып, кырсыкка Volkswagen Boro менен Ford Focus унаалары кабылган.
Жол кырсыгынан каза болгондор жок. Vokswagen автоунаасынын айдоочусунун буту жабыркаса, жүргүнчүсү көкүрөгүнөн жаракат алган. Аларды ооруканага жеткиришкен. Экинчи автоунаадагылар эч кандай жаракат алган эмес.