Бишкекте джип машинасы төрт унааны жөөлөп кетти

© Фото / очевидца Антона Середы, отправленное по Whats App-каналуДТП с участием водителя внедорожника Toyota Prado в Бишкеке
ДТП с участием водителя внедорожника Toyota Prado в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы Сухэ Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Андан эч ким каза болгон жок.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Toyota Prado үлгүсүндөгү жол тандабас төрт автоунааны жөөлөп барып, жол четиндеги түркүктү сүзүп токтогон. Бул тууралуу окуянын күбөсү Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди. 

© Фото / очевидца Антона Середы, отправленное по Whats App-каналуToyota Prado үлгүсүндөгү жол тандабас төрт автоунааны жөөлөп барып, жол четиндеги түркүктү сүзүп токтогон
ДТП с участием водителя внедорожника Toyota Prado в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Toyota Prado үлгүсүндөгү жол тандабас төрт автоунааны жөөлөп барып, жол четиндеги түркүктү сүзүп токтогон

"Болжол менен саат 18.00дөр чамасында Сухэ Батор менен Юнусалиев көчөсүнүн кесилишинде Джип автоунаасы төрт машинаны жөөлөп кетти. Алардын экөө жолдо кетип баратса, калгандары токтоп турган", — деди күбө.

Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы жол кырсыгы тууралуу маалыматты тастыктап, анын чоо-жайын кийин билдире турганын айтты.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыр тарткандар жок. Тез жардам кызматынан аталган аймактан эч кандай чакыруу болбогонун маалымдашты.

Мас абалында автоунаа айдагандарга айып пулду көтөрүү боюнча депутаттардын демилгеси тууралуу бул жактан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0