Баткенде жер силкинди

© Фото / Медербек НиязалиевБаткен. Архивдик сүрөтү
Баткен. Архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ кыйроолор болбогондугун жана адам өмүрүнө зыян келбегендигин айтты.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Баткен аймагында эртең менен кубаты үч баллга жеткен жер силкинди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагындагы Чуңкур-Кыштак жана Алга айылдарынан батышты көздөй 8 чакырым, ал эми Шуран кыштагынан 13 чакырым аралыкта болгону айтылат. 

Чуңкур-Кыштак жана Алгада үч, ал эми Шуранда 2,5 баллдын тегерегинде сезилген.

ӨКМ кыйроолор болбогондугун жана адам өмүрүнө зыян келбегендигин билдирди.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik инфографикасынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0