Нура айылынан 60 чакырым алыстыкта жер титиреди

© AP Photo / Irwin FedriansyahСейсмограф аппараты. Архивдик сүрөт
Сейсмограф аппараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапа чеккендер жана кыйроолор болгон жок. Силкинүүнүн күчү 3 баллга жеткен.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Нура айылынан 60 чакырым алыстыкта жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматы билдирди.

Силкинүү шаршемби күнү саат 13:30да аныкталды. Жер титирөөнүн очогундагы күчү 3 баллды түзсө, магнитудасы 3,5ке жеткен.

Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагындагы Алай тоо кыркасында, Бор-Дөбө айылынан түштүк-батышты көздөй 12 чакырым, Арча-Булак айылынан түштүк-чыгышты карай 35 чакырым, Сары-Таш айылынан түштүк-батышты көздөй 35 жана Нура айылынан түштүк-батышты көздөй 60 чакырым аралыгында катталган.

Жапа чеккендер жок.

2008-жылдын 5-октябрында Кыргызстандын, Тажикстандын жана Кытайдын чек ара аймагында күчтүү жер титирөө болгон. Ош облустунун Алай районуна караштуу Нура айылы толугу менен талкаланып, 75 адам курман болгон, мында негизинен балдар жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0