Боз-Бөлтөк тоосунан унаа кулап, айдоочусу каза болду

Жазылуу
Маркумдун аты-жөнү азырынча тактала элек.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бишкектин түштүк-чыгышында жайгашкан Орто-Сай айылындагы Боз-Бөлтөк тоосунан унаа кулап, айдоочусу каза болду. Бул маалыматты Чүй ОИИБ тастыктады.

Окуя 1-октябрь күнү болгон. Жол кырсыгы боюнча соттук-медициналык жана авто-техникалык экспертизалар дайындалды.

Маркумдун аты-жөнү азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0