Чет өлкөлүк жаран Канттагы банкоматтан акча уурдады деп шектелүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековБанкоматтан акча алып жаткан адам, ахивдик сүрөт
Банкоматтан акча алып жаткан адам, ахивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канттагы банкоматтын бузулушуна жана ири суммадагы акчанын уурдалышына Молдованын жараны шектелүүдө.

БИШКЕК, 4-окт. – Sputnik. Канттагы банкоматтын бузулуусун териштирүү иштеринин жүрүшүндө эл аралык кылмыштуу топтун бети ачылып, чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Канттагы соода түйүндөрүнүн бириндеги банкомат 1-октябрда болжол менен түнкү саат 3тө талкаланып, анын ичиндеги ири суммадагы акча уурдалган. Качууга аракет кылган европа улутундагы 40-45 жаш чамасындагы эркек киши кармалган. Ал Молдованын жараны болуп чыккан, милиционерлер анын баштыгынын ичинен 1000 жана 500 сомдук купюра менен 405 миң сом таап чыгышкан.

"Алдын ала маалыматтар боюнча Молдованын жараны З.М. Кыргызстанга бул окуяга чейин бир күн мурда келген. Казак-кыргыз чек арасын кесип өтүп, борбордук мейманканалардын бирине жайгашкан. Ага чейин күндүз Украинадан Алматыга учуп келген. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мейманканадагы бөлмөсүндө жасалма чач, көз айнек, уюлдук телефон жана сим-карталар, микросхемалар табылды", — деп билдирет маалымат кызматы.

Эскерте кетсек, банкоматтарды механикалык жолдор менен же ага термиттик таасир этүү менен гана талкалоого болот. Бирок бул кылмыш башкача жол менен кылынган. Учурда тергөө иштери кылмышкерлер кандай программаларды жана эсептегич жабдыктары колдонгондугун тактоодо.

"Кылмышты бир топ уюштуруп, кылдат даярдаган. Бирок күзөтчү алардан шек санап ызы-чуу көтөргөн. Алгач жакын жерде турган таксисттер бул нерсени байкап реакция кылышкан. Чакыруу боюнча келген РИИБдин Кайгуул кызматкерлери келип, шектелген жаранды кармашкан", — деп билдирди ИИМ.

Бул факт боюнча Ысык-Ата районун ИИБ тергөө бөлүмү 164-берененин 2чи жана 4чү бөлүгү ("Ири көлөмдө уурдоо") боюнча кылмыш ишин козгоду. Кармалган адам убактылуу кармоо жайына киргизилип, эки айга камалды. Учурда тергөө иштери уланып, башка кылмыштарга тиешелүүлүгү такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0