Терезесин караңгылаткан BMW унаасынын айдоочусуна айып салынды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкеринин архивдик сүрөтү
Жол кайгуул кызматкеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу караңгылаткан айнегин өз убагында албагандыгы үчүн жазага тартылды.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бишкекте өзгөчө мамлекеттик номериндеги BMW 750 автоунаасынын ээсине айып пул салынгандыгын Бишкек Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүчүлөр жалаң "тогуз" сандарынан турган өзгөчө номерлүү автоунаанын айдоочусун ыкчам-издөө иш-аракетинде таап чыгышкан. Ал жайында караңгылатууга тыюу салынганына карабай тонировканы өз убагында албагандыгын мойнуна алды.

ИИМ жол эрежесин бузгандар менен жаңы жабдуу аркылуу күрөшөт - Sputnik Кыргызстан
ИИМ жол эрежесин бузгандар менен жаңы жабдуу аркылуу күрөшөт
Айдоочуга административдик протокол түзүлүп, 2 миң сомдук айып пул салынды.

18-июлда кыргызстандыктарга унаанын алды жагындагы каптал айнектерин караңгылатууга жана парда тагууга тыюу салынгандыгы боюнча өкмөттүн токтому күчүнө кирген.

Терезесин караңгылатууга КРнын президентинин, Жогорку Кенештин спикеринин, Жогорку Соттун төрагасынын кызматтык унаалары, Улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын коргоо жана коштоп жүрүү кызматтык автоунаалары кирет.

Ошондой эле акча каражаттарын жана баалуу жүктөрдү ташып жүрүүчү "Кыргыз инкассация" жабык акционердик коомунун автоунаалары айнектерин караңгылатып жүрүүгө болот.

Калгандарына караңгылатууга уруксат берген кагаздары жараксыз деп табылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0