Банкоматты тоноп жаткан ууруларды асманга атылган ок да токтото алган жок

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЛом. Архивдик сүрөт
Лом. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Агенттиктин кызматкерлери дарек боюнча жетип барганда уурулар качып жөнөгөн.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Банкоматты ачууга аракет жасагандарды асманга чыгарылган ок токтото албагандыгын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

29-сентябрь күнү Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө Турусбеков көчөсүндө жайгашкан банкоматты белгисиз адамдар ачууга аракет жасап жаткандыгын жеке Күзөт кызматы кабарлаган.

Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИБ: таксиге түшүүдөн эринип унааны айдай качкан кыз кармалды
Окуя болгон жерге Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жетип барганда билдирме жалган эмес экени ырасталып, тиешелүү документтер түзүлгөн.

Маалыматка караганда белгисиз адамдар банкоматтын алдыңкы айнегин сындырып, акча уурдоого аракет жасап жатышкан. Бул учурда Жеке күзөт кызматына билдирме келип түшкөн. Аталган агенттиктин кызматкерлери дарек боюнча жетип барганда уурулар качып карматпай кеткен. Аларды асманга атылган ок дагы токтото алган эмес. Чар тарапка качкан ууруларга Күзөт кызматкерлери кууп жетпей калган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0