Кызыл-Кыяда короо өрттөнүп, ичиндеги кой, коен, тооктор күйүп кетти

© Sputnik / Александр Кожохин / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүүчү шланг. Архивдик сүрөт
Өрт өчүрүүчү шланг. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ өрткө электр жабдууларын куроодогу эрежелердин бузулушу себеп экенин белгиледи.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында мал сарай өрттөнүп, ичиндеги жандыктар күйүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, короонун ичинде 50 түк беде менен бирге беш кой, сегиз коен жана 15 тоок болгон. Кырсыктан улам малдын баары кырылып калган.

ӨКМдин билдиргенине караганда, өрткө электр жабдууларын куроодогу эрежелердин бузулушу себеп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0