Жети-Өгүздө жашылча-жемиштерди мөндүр уруп кетти

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүУрожай яблок, архивное фото
Урожай яблок, архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак-Дөбө, Оргочор айылдарында 12 тоннадай картошка,10 тоннадай алма зыянга учурады.

БИШКЕК, 28-сен. – Sputnik. Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө, Оргочор айыл аймактарында катуу жааган мөндүрдүн кесепетинен турак-жайлардын чатырчалары жараксыз абалга келип, жашылча-жемиштер зыянга учурган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жарандык коргонуу комиссиясы Ак-Дөбө айыл аймагында 297 турак үйдүн, 181 чарбалык курулуштун шифери жараксыз абалга келгени аныкталган. Анын ичинде Тилекмат айлындагы орто мектептин чатыры, "Бактылуу балалык" бала бакчасы зыян тарткан. 

Жалпысынан Ак-Дөбө, Оргочор айыл аймактарында 12 тоннага жакын картошка,10 тоннадай алма мөндүрдө калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0