Салык кызматынын жанында кампа күйүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүү кызматынын архивдик сүрөтү
Өрт өчүрүү кызматынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт өчүрүүчүлөр таштандыдан кампага жайылган өрттү өчүрүп жатышат.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишиндеги Салык кызматынын имаратынын жанында кампа күйүп жатканын ӨКМ билдирди.

Кырсык тууралуу билдирүү саат 11.57де түшкөн. Окуя болгон жерде бир өрт өчүрүү бөлүмү иштеп жатат. Таштандыда өрт чыгып, жалын анын жанындагы кампага жайылып кеткен.

ӨКМ өрт анча чоң эместигин, жакын арада өчүрүлөрүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0