Аламүдүндөгү Ала-Арча суусуна чөгүп кеткен жарандын денеси табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековӨКМ кызматкеринин архивдик сүрөтү
ӨКМ кызматкеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун денеси ички иштер кызматкерлерине өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Ала-Арча суусуна чөгүп кеткен жарандын денеси табылгандыгы тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Билдирмеге караганда 25-сентябрда 39 жаштагы жаран Калыс-Ордо жаңы конушундагы Ала-Арча суусуна чөгүп кеткен.

ӨКМдин куткаруучулары жарандын денесин суудан чыгарып ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0